Чүйдө бир үйдөн 70 миң долларды уурдап кетишти

Чүйдө бир үйдөн 70 миң долларды уурдап кетиштиСокулук районунун Новопавловка айылындагы бир үйдөн уурулар 70 миң доллар салынган сейфти чыгарып кеткенин Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 12-сентябрь күнү чак түштө райондук милицияга Новопавлокадагы үйлөрдүн бири тонолгону боюнча билдирүү түшкөн. Милиция айтылган дарекке барганда үйдөн сейф жоголгону белгилүү болгон.

“Түшкү саат 12.00дөн 13.30га чейинки аралыкта кылмышкерлер үйдүн терезесин талкалап кирип, 70 миң доллар салынган сейфти арабанын жардамы менен машинага жүктөп качкан. Сейфте акчадан сырткары алтын зер буюмдар, Швейцария сааттары жана бир нече фирманын документтери болгон. Алдын ала маалымат боюнча сейфтин салмагы 150 килограмм», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган. Натыйжада Чүй облустук ички иштер башкармалыгы менен Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн  Криминалдык милициясы буга чейин бир нече жолу соттолгон 27 жаштагы Щ.А. аттуу жаранды шектүү катары кармады. Алдын ала маалымат боюнча, уурулукка үч адам катышкан. Учурда калган эки киши кимдер экени такталып, издөө иштери жүрүүдө.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты