ЖК ТИМге сунушталган Айдарбековду колдоду

ЖК ТИМге сунушталган Айдарбековду колдодуЖогорку Кеңеш Кыргызстандын тышкы иштер министри кызматына сунушталган Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин бир добуштан колдоду. Добуш берүүгө катышкан 101 депутаттын баары тең «макул» деп добуш берди.

Айдарбековдун талапкерлигин көрсөткөнү парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү келди.

Мыйзамга жараша, өкмөт мүчөсү иштен кетсе премьер-министр жаңы талапкерди парламентке сунуштап, Жогорку Кеңештин чечиминен кийин президент жарлык чыгарат.

41 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. 1998-2008-жылдары ТИМ системасында атташе, катчы, бөлүм жетекчиси болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон.

2011-жылы президенттик аппараттын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, 2012-2016 жылдары Жогорку Кеңештин аппаратында протокол бөлүмүнүн жетекчиси кызматтарын аркалаган.

2016-жылдын апрелинен бери Кыргызстандын Жапониядагы элчиси. Эл аралык кылмыш укугу, тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар боюнча 10дон ашык илимий макаланын автору.

Буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен иштен кеткен. Ага Түштүк Кореядагы мурдагы элчи Кылычбек Султан экөөнүн ортосундагы чыр жана аны иликтеген Коопсуздук кеңешинин корутундусу себеп болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты