Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган унаа 15 жылкыны өлтүрө сүздү

Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган унаа 15 жылкыны өлтүрө сүздүЖол кырсыгы кан жолдун 448-чакырымында, бүгүн таңкы төрттөр чамасында болгон.

Маалыматка караганда,  «Мерседес-Бенц 2540» жүк ташыган унаасын чиркегичи менен айдап келаткан Сүлүктү шаарынын тургуну капыстан жолго чыга калган үйүр жылкыны байкабай калган. Айдоочу жакын калганда унааны токтотууга үлгүрбөй, бир канча жылкыны сүзүп кеткен. Натыйжада 15 жылкы дароо жан берип, дагы 3 жылкыны адалдап калганга үлгүрүшкөн.

Жүк ташыган унаа Оштон Бишкекке жол тартып келаткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты