Бишкекте кафеде чуу салган Кытай жараны камалды

Бишкекте кафеде чуу салган Кытай жараны камалдыБишкектеги кафелердин биринде чуу салып, “депутатка чалам” деп опурулган кытайлык жаран беш суткага камалганын шаардык милициядан кабарлашты. Бул окуянын тасмасы 15-октябрь күнү Facebook социалдык тармагына жарыяланып, аны көргөндөрдүн нааразы пикирлерин пайда кылган. Тасмадан кытайлык жаран кафенин башка конокторуна ороңдоп, кайсы бир депутатка телефон чалам деп опурулганын көрүүгө болот.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 13-октябрда болгон. Түштөн кийинки төрттөр чамасында кафеге кирген кардарлардын арасында столду алдын ала брондоп койгон кытайлыктар да болгон. Болжол менен төрт саат өткөндөн кийин мас абалындагы чет элдик жарандар менен алардын катуу ырдаганын жактырбаган аялдардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кытайлык киши кайсы бир депутатка телефон чалып, көйгөйдү чечерин айткан. Чырды токтотуу үчүн кафенин администрациясы кардарларды башка столго отургузган.

Ыкчам издөө иштеринин алкагында милиция кызматкерлери Бишкекте жашаган Кытайдын 1971-жылкы жаранын кармады. Ал кафеде кайнатасынын туулган күнүн үй-бүлөсү жана туугандары менен тосконун айтып, анын катуу ырдаганына жакын отурган аялдар нааразы болгонун билдирген. Ал эми «депутатка телефон чалам» дегени үчүн аялдардан тууганы кечирим сураганын белгилеген.

Бул окуя боюнча Кытай жараны Административдик жоопкерчилик боюнча кодекстин 364-беренеси (майда бейбаштык) боюнча жоопко тартылып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен дагы бир мекендеши экөө беш суткага камалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты