Казак элчиси ири уурулукка шектелүүдө

Казак элчиси ири уурулукка шектелүүдөКазакстандын Өзбекстандагы элчиси Ерик Утембаев мамлекеттик бюджеттен 400 миң долларды кымырган деп шектелүүдө. Дипломат элчиликтин административдик имаратын курууда аткарылган иштер боюнча жалган документтерге кол койгон деп айыпталууда.

Анын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекет 140 миллион теңге (379 миң 733 доллар) чыгым тартканы айтылды.

Ерик Утембаев Казакстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына 2016-жылдын апрель айында дайындалган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты