Аба ырайы

Аба ырайы

1960-жылы жеңиш майрамына 15 жыл толгондо, үч батареясын жем  баштыкка салып, “Воронеж” радиосун зымдары менен атка өңөрүп, бир орусту учкаштырып атам үйгө келген. Вася деген киши 1,5 сааттын ичинде эле радиону чогултуп, зымдарын тартып, иштетти. Үн чыкты, ошондо радиодон аба ырайын берип жатканы эсимде калган. Диктор Аксай, Арпа, Соң-Көл, Суусамыр, Кара-Кужур, Каркыра, Сары-Жазда баланча-баланча температура деп, булут, шамал жөнүндө маалымат берип атты.

Радиодон 1-2 саат аралыгында акыркы кабар бергенден кийин дайыма республикада болгон, боло турган аба ырайы айтылып турчу. Көрсө ошол чоң жайлоолордо, кийин чоңойгондо билдим, малчылар көп кой, жылкы, уй, топоз менен жүрчү экен да. Ошолорго жардам иретинде тез-тез аба-ырайын радиодон айтып турчу экен. 1965-жылдан баштап малчыларга колхоз, совхоздун эсебинен дүрбү, мылтык, радио алынып бериле баштады. Радиолордун аттары эсте калды: “Альпинист”, “ВЭФ”, “Селенга”, “Сатурн” , “Алтай” дегендер.
Аба ырайын так билиш адамга эң керектүү нерсе болот турбайбы. Аны мен, албетте, өзүм иштей баштаганда жакшы түшүндүм. Кырсыктан сактануу, чарбада иш кылуу, машина, самолет, поезд, пароход менен жүрүү, учуу, жүк ташуу, оокат, жумуш кылууда аба ырайын билүү абдан маанилүү болоорун бүгүн баарыбыз билип калдык окшойт. Азыркы заманда, ХХI кылымда, спутниктер атайын космосто аба ырайын так билүү үчүн учуп жүрөт, интернет иштеп жатат. Аба ырайы жөнүндө саатына чейин билип атпайбызбы.
Аба ырайыБирок менин айта турганым башкада. Быйыл Кыргызстандын Боом капчыгайынын ичиндеги жолдо таш кулап, жол улам-улам жабылып жатты, адамдар жапа чекти.
Ушул жаман окуяларга эч ким жооп берген жок жана бербейт деп ишенем. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт министрлигинин жооптору: Быйыл аба ырайынын жаанчыл болушунан таштар кулап жатат дейт. Алардан сураган бийлик жок, силер аба ырайынын жаанчыл болорун билген жоксуңарбы деп. Кытайлыктар курган жолдорду көзөмөлдөгөн огран барбы, болсо эмне үчүн таштарды убагында кулаткан жок, эмне үчүн жантаймасын өтө тике кылышкан? Эмне, ушулардын баарына аба ырайы күнөөлүбү? Ой, биз, бөтөнчө чиновниктер, шылтоо тапканга абдан кыйынбыз да.

Былтыр Кочкор районунун Ормон хан айылында сел жүрүп, эл өзү мүшөктөргө кум салып, сууну тосуп, аман калышты. А эртеси ӨКМдин кишилери келип, айылдан трактор, экскаватор издеп жүрдү дейт. Бул эмне деген көрүнүш?
Жакында, октябрдын башында синоптиктер так аба ырайыАба ырайы жөнүндө  маалымат берип жатты. Ошого даярдык көрдүкпү? Албетте, жок. Төө-Ашууда, Өтмөк ашуусунда эмне болду, жүргүнчүлөрдү Кудай сактады. Жүздөгөн машиналар кар көп жаагандан ашууларда түнөп калышты.
Кар күрөгөн шаймандар жалпы Кыргызстанды айтпай эле коёюн, Бишкекте дагы жокко эсе. XXI кылымда кумду машинанын бортунан 3-4 киши күрөк менен чачышат. Бул эмне деген айбанчылык? Бирөө ушундай жоруктар үчүн жооп бердиби? Бишкек-аэропорт, Балыкчы-Корумду салынган жолдордун сапаттарын көргүлөчү. Булардын баары акча жемей, чыккынчылык кылуу деп айтсам, жаңылбайм.
Бүгүн бизде чоңдор бирдеме кылса эле Кудай буюрса деп сүйлөп калды. Ал иш аткарылбай калса, жообу “Кудай буюрбады” дейт. Оо, Кудай, каякка баратабыз?
Жаман жер болбойт, жаман эл болбойт, жаман адам болот деп айтып жүрөбүз. Бирок ачык айтайын, мага таарынбайсыңар деп ишенем. Бизде кенебестик, жалкоолук, көрө албастык, калп эле күн карамалык мүнөздөрүбүз өтө көп. Мына жакында аба ырайы кескин бузулуп, сурап атат: кышкы кийим барбы, отун даярдадыңарбы, үйдү кышка карата ремонттодуңарбы деп. А көбүбүз эч кенебей, “Кудай жеткирет, эл менен чогуу көрөбүз” деп аш-тойдо жүргөн кез. Ушунда И. А. Крыловдун “Ийнелик менен кумурска” жөнүндөгү тамсили эске түшөт.
2016-жылы аба-ырайы жаанчыл болуп, Токтогул суу сактагычында бүгүн суунун көлөмү 17,5  млрд кубометр болуп турат. Өкмөт электроэнергияны импорттойбуз деп жатат, ошондой болсо эл светтин баасы арзандайбы деген суроону көтөрүп жатат, буга бийлик унчуккан жок. Кара-Кечедеги криминал, коррупция жөнүндө эл канча айтууда. Ошондуктан көмүрдүн баасы кымбат болуп жатат. Буларга бийликтин көңүлү нөл. Аба ырайы кескин өзгөрүп, кыш да келип калды. Кышка даярдык начар экенин көрүп турабыз. А өлкөдө экиге бөлүнүп алышып, референдум, Конституция жөнүндө гана сөз жүрүп жатат, бирин-бири чукумай апогейине жетти. Аба ырайы, эл жөнүндө сөз жок.

Баягы эле “Кудай буюрса…” А буюрбасачы?

Силердин Муратбек Мукашев

11.10. 2016-ж.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты