УКМК ишкер Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн ири суммадагы акча каражаты табылганын билдирди

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ишкер Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн ок-дарылар, маңзат жана ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Үмүт жана Ко» ишканасынын ээси Журат Абдуллаевдин иш-бөлмөсүнөн ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңгизаты жана ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган.

УКМК тараткан маалыматта алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар экени айтылат.

Атайын кызмат «Үмүт жана Ко» ишканасынын салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы бар экенин билдирди.

Мындан тышкары билдирүүдө тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, ишкананын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратпасы белгиленген.

    

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты