Бир ай мурда жоголгон бир туугандар Токмоктон табылды

Бир ай мурда жоголгон бир туугандар Токмоктон табылдыЧүй облусунун Аламүдүн районунда жоголуп кеткен туугандар — эки кыз менен бир бала Токмок шаарынан табылганын бүгүн ИИМ кабарлады.

Маалыматка караганда, жоголуп кеткен 18 жаштагы Султанов Ырысбек менен 19 жаштагы Максуталы кызы Альбина бир тууган болсо, 17 жаштагы Канат кызы Алина алардын жакын тууганы. Алар 17-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайыны чыкпай жаткан.

Үйүнөн качып чыккан бул жаш адамдар жашаган жерин такай алмаштырып, улам-улам орун которуп турушкан. Учурда үчөө тең туугандарына тапшырылды. Алар ата-энеси менен урушуп кеткенден кийин үйдөн чыгып кеткени айтылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты