Уляновсктогу кырсык: автобусту сүзгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусу көз жумду

  • 2 года мурун

Орусиянын Ульяновск облусунда кырсыкка учураган жүк ташуучу унаанын айдоочусу көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости облустук милициянын маалыматына таянып кабарлады.

21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14 кыргыз жарандары. Мерт болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.

Дагы үч кыргызстандык ооруканага жаткырылды.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу унаасын токтото албай калып четте токтоп турган автобусту сүзгөн. Автобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда калган.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге каргашада каза тапкандардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады. Анын билдирүүсүндө, президент каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайрыгуу менен көңүл айтканы жазылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты