Анталияда алданган кыргыз мигранттарынын акысы берилет

Анталияда алданган кыргыз мигранттарынын акысы берилетТүркиянын Анталия шаарына иштегени барып, алданып, көчөдө калганын айткан кыргызстандыктардын айлык акысы учак билети менен кошо ушул апта ичинде бериле турган болду. Алар иштеген “Авангард” мейманканасынын жетекчилиги жумушчуларды кууп чыкпаганын билдирүүдө. 15-октябрда Анталиянын Гөйнүк аймагындагы мейманканага иштегени барган 46 кыргызстандык айлык акысын ала албай жатканын билдирип чыккан.

Алардын 17си ал жакка Бишкектеги «Фиеста» жеке менчик агенттиги аркылуу барган жана сезон бүткөндүктөн кайра Кыргызстанга кайтмакчы болгондо Анталиянын аэропортунда билеттер жараксыз болуп чыккан. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу окуя боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, Түркияда 20 миңден ашуун кыргызстандык иштейт. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда. Бейрасмий маалыматтарга караганда, бул сан алда канча көп.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты