Акыйкатчы институту чет өлкөдө расмий өкүлчүлүгүн ачуу демилгесин көтөрдү

  • 2 года мурун

Акыйкатчы институту чет өлкөдө расмий өкүлчүлүгүн ачууну демилгелеп жатат. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Акыркы айларда элчиликтерге, консулдарга, өкүлчүлүктөгү кызматкерлерге арыз көп түшүп жатат өзгөчө Орусиядан. Элибиздин саны да көп, арасында Орусиянын жарандыгын алгандар да бар», — деп жазган акыйкатчы.

Мындан тышкары ал Орусиядагы каргашага байланыштуу Ульяновск облусунда бул ишти тергеп жаткан тергөөчү менен байланышканын кабарлады. Акыйкатчы институту мигранттарды каттоого тургузуу талабына укуктук талдоо жүргүзүп жатканын, жыйынтыгында Жогорку Кеңешке сунуш берилерин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты