Акылбек Жапаров Кара-Балтадагы спирт заводун жаңылоону тапшырды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жайыл районунда жайгашкан «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы ишкананы көрүп чыгып, жабдуулардын абалы жана өндүрүш көлөмүн кеңейтүү пландары тууралуу маалыматты укту.

«Акылбек Жапаров ишкананын лабораториясын эл аралык стандарттагы заманбап жабдууларды сатып алып, жабдууну тапшырды. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик ишкананы алдыңкы технологияларга ылайык модернизациялоону, натыйжада, толук өндүрүш цикли бар заманбап заводду негиздөөнү тапшырды. Атап айтканда, бардык аймакка асфальт төшөө, спирт сакталуучу кампаларда оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, чыгаруу системасын жаңылоо, компьютерлештирилген башкаруу системасын түзүү ж.б.у.с. тапшырмалар берилди.

Андан соң тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишканалардын жетекчилерине заводдун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, уникалдуу адистердин эмгек акысын төлөөнүн эселенген коэффициентин белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жана ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линияны орнотуу боюнча өнөктөштөр менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Кара-Балта заводу совет учурундагы алдыңкы ишканалардын бири болгон жана эгемен жылдары аны модернизациялоого бир нече жолу аракет жасалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты