Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Коргоо министрлиги 19-августта Аскер институтутун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жаткан 19 жаштагы жоокер октон каза болгонун кабарлады.

Министрликтен билдиришкендей, жоокер 18-августтун кечинде күзөттө турганда куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде жан берген.

Бул фактыны учурда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирип жатат. 

Июлдан бери ушуну менен кызмат өтөп жаткан төртүнчү аскер каза болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты