Компьютерди жапырт колдонууга жол ачкан адам дүйнө салды

Компьютерди жапырт колдонууга жол ачкан адам дүйнө салдыБилл Гейтс менен бирге «Microsoft» компаниясын негиздеген Пол Аллен 65 жашында дүйнөдөн кайтты. Үй-бүлөсү ал онкологиялык оорусу күчөгөндөн улам көз жумганын билдирди.

Аллен окуучулук кезден берки досу Гейтсти 1975-жылы IT тармагында революция жасаган компанияны ачууга көндүргөн. Алар сунуш кылган операциондук система компьютерди карапайым элдин жапырт колдонуусуна жол ачкан.

Ал 1983-жылы компаниядан кеткен, бирок үлүшүн сактап калган. «Microsoft» акциялары кымбаттагандан кийин миллиардерге айланган. Жасалма интеллект, биоилим жана космос кемесин куруу тармактарына инвестиция салган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты