Акылбек Жапаров Korea Telecom корпорациясынын делегациясы менен жолукту

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Korea Telecom корпорациясынын вице-президенти Пак Седжу жетектеген делегация менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Korea Telecom корпорациясынын вице-президенти Пак Седжу тиешелүү санариптик инфраструктураны түзүү, төлөм системаларын жакшыртуу жана финтех инновацияларын өнүктүрүүгө негизделген Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жана айкындуулукту жогорулатуу боюнча сунуштарды бергени айтылат.

Мындан тышкары ал Кыргызстан менен кызматташууга жана телекоммуникация тармагындагы алдыңкы тажрыйба менен алмашууга даяр экенин билдирген.

Korea Telecom — Түштүк Кореядагы интеграцияланган зымдуу жана зымсыз телекоммуникациялык кызматтардын эң ири провайдери.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты