Текебаевдин тарапкерлери Ак үй алдына чыкты

Текебаевдин тарапкерлери Ак үй алдына чыктыБишкекте бүгүн Жогорку Кеңеш имаратынын алдында Өмүрбек Текебаевдин акталышын талап кылган акция өттү. Акция тынч өтүп, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун, ага Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери көз салып турганын Бишкек ШИИБинен кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, пикетке жалпысынан жети адам чыккан. Алар колдоруна “Урматтуу президент, Текебаев ак, анын бошотулушун талап кылабыз” деген сыяктуу сөздөр жазылган кагаздарды кармап турушту.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев «орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды» деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган. Бирок саясатчы өзү бул айыптоону саясий куугунтук катары баалап келет.

Сот Өмүрбек Текебаевди жана аны менен кошо айыпталган мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты