Жапаров менен Мишустин кыргыз-орус кызматташтыгындагы маселелерди талкуулады
- 2 года мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык ,тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
«Сүйлөшүүдө өзгөчө басым ушул жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык өз-ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жасалды», — деп айтылат маалыматта.
Муну бөлүшүү