Биринчи Элдик курултайды уюштуруу комитетинин алгачкы отуруму өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 19-августта Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында биринчи Элдик курултайды уюштуруу комитетинин алгачкы отуруму өттү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Иш-чарага Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү – президенттин администрациясынын кызматкерлери, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле коомдук ишмерлер катышты.

Маалыматта отурумда эл менен жолугушууларды жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар аныкталып, Элдик курултайды уюштуруунун алкагында техникалык мүнөздөгү конкреттүү тапшырмалар берилгени айтылат.

Президент Садыр Жапаров 16-августта “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, биринчи Элдик курултай ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтмөкчү. 

Социалдык тармактарда президенттин бул демилгесин колдогондор менен катар аталган жарлык Баш мыйзамга каршы келерин айтып, нааразычылыгын билдиргендер дагы болууда. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты