Тамеки менен насвайга чектөө күчөшү мүмкүн

Тамеки менен насвайга чектөө күчөшү мүмкүнЖогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева тамеки тартууга чектөөлөрдү салган мыйзамга толуктоолорду киргизүүнү демилгелөөдө. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте тамекинин ден соолукка зыянын талкуулаган жыйында белгилүү болду.

Аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордо Кыргызстанда насвай, электрондук чылым жана кальян чегүүгө чектөөлөрдү күчөтүү каралууда. Ошону менен катар балдар ойногон ачык жана жабылуу аянтчаларда, коомдук транспортто, эс алуучу жайларда, суу жээктеринде, маданий иш-чаралар өткөрүлүүчү, эл көп чогулуучу жерлерде тамеки тартууга толук тыюу салуу сунушталып жатат.

Кыргызстанда тамеки тартууга айрым чектөөлөрдү киргизген мыйзам бир канча жыл мурда кабыл алынган. Анда да саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелери сыяктуу жайлардын алдында тамеки тартууга тыюу салынганы менен ал мыйзам жакшы иштебейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты