Бишкектеги Аскер институтунда кызмат өтөп жаткан жоокер октон каза болду

  • 2 года мурун

Бишкектеги Аскер институтунда 18 жаштагы жоокер октон каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлик тараткан маалыматта 2003-жылы туулган аскер 18-августтун кечинде күзөттө турганда куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде жан бергени айтылат.

Бул фактыга байланыштуу Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирүү ишин баштады. Маалыматка караганда, каза болгон жоокер Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылган.

Өткөн айдан бери ушуну менен кызмат өтөп жаткан төртүнчү аскер каза болду.

17-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ош шаарындагы 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер каза тапкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бир айдан кийин армиядагы мөөнөтү бүтүп үйүнө кайтканы жаткан бала жүрөк оорудан көз жумган. Бирок анын атасы уулунун саламаттыгы чың болгонун айтып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты