Москвада кыргыздардын мушташынан бир өмүр кыйылды

Москвада кыргыздардын мушташынан бир өмүр кыйылдыОрусиядагы кыргыз элчилиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, Москвада кыргыздардын мушташынан бир жигит ажал тапты. Окуя өткөн ишемби, 13-октябрда Кузьминка метробекетинин жанындагы «Макдональдс» тез тамактануучу жайында болгон. Аталган жайга топтолгон бир канча кыргыз жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, катуу бычакталган 19 жаштагы жигит оор абалда ооруканага түшкөн. Катуу жаракат алган жигит бир күндөн соң өзүнө келе албай ооруканада каза тапкан.

Элчилик учурда маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн тиешелүү документтерди даярдап, камылга көрүүдө. Мекендешин бычактаган жигитти полиция кармап кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты