Ошто 90 жылдык тарыхы бар окуу жайды өрт чалды

Ошто 90 жылдык тарыхы бар окуу жайды өрт чалдыОш шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынынын имаратын өткөн түнү өрт чалып, концерттик зал толугу менен күйүп кетти.  16-октябрга караган түнү — саат бирлер чамасында чыккан өрттөн концерттик залга жакын жайгашкан төрт бөлмө да жараксыз абалга келген. Тилсиз жоо эмнеден чыкканы азырынча белгисиз, анын себептерин тиешелүү кызматтар териштирүүдө.

Окуу жараяны үзгүлтүккө учурабашы үчүн азыр 200 окуучу жатаканада билим алууда.

Бул окуу жайдын имараты 1930-жылы курулуп, азыр жедеп эскилиги жеткен. Төрт жыл мурун окуу жай жамааты өкмөткө жаңы имарат куруу боюнча кайрылуу жолдогон эле. Анын негизинде былтыр жаңы имараттын долбоору даярдалып, 3 кабат жаңы имарат түшмөк болгон. Бирок ал курула турган жер май куюуучу жайга жакын жайгашкандыктан курулуш иштери башталбай келет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты