№47 мектеп директору кызматтан кетти
- 6 лет мурун
- Баяндар
№47 мектептин 8-классынын окуучусу 9-класстын окуучусу тарабынан сабалгандан кийин мектептин директору, өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектор жумуштан кетирилип, шаардык мэриянын вице-мэрине, билим берүү башкармалыгынын жетекчисине сөгүш берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
9-класстын окуучусунун 8-класстын окуучусун сабап койгондон кийин мектеп директору, өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектор кызматтан кетирилди. Ал эми билиим берүу башкармалыгын жетекчисине жана вице-мэрге сөгүш берилди.
Ал эми ИИМ тараткан маалыматка ылайык, 12-октябрда саат 12. 30 чамасында милицияга №47 мектептин 8-классынын окуучусу М.А. №3 ооруканага сабалып түшкөнү кабарланган. Окуучу баш мээсинен жабыркап, оозу жарылып, мурдунун сөөгү сынган. Адегенде бул тууралуу кабар фейсбук баракчасында маалымдалган.
Бул окуя боюнча Ленин ИИБинин иликтөө-ыкчам тобу барганда аталган мектептин 9-классынын окуучулары Айдар жана Мурат акча талап кылып, аны сабаганы тууралуу айтылган. Жабыркаган окуучунун атасы ошол жактан милицияга арыз жазган.
8-класстын окуучусу М. А. “Жетиген” күркөсүнүн жанынан эки өспүрүмдүн ортосунан өтүп баратып, бирине кокусунан далысы тийип кеткенин, ал бала 9-класстын окуучусу экенин жана ошол жерден айтыша кетип, аны Мурат сабап салганын айтты. Бирок окуучунун акча талап кылганы ата-энесинин көзүнчө татыкталган эмес.
Сабаган жана сабалган окуучулардын атасы мурда милицияда иштешкен, азыр пенсияда болгон.