Numbeo: Кыргызстан дүйнөдөгү кылмыштуулук деңгээли жогору 50 өлкөнүн катарына кирди

  • 2 года мурун

Кыргызстан дүйнөдөгү кылмыштуулук кеңири жайылган 50 өлкөнүн катарына кирди. Кылмыштуулук деңгээли боюнча рейтинг Numbeo порталына жарыяланды.

Аталаган рейтингде Кыргызстан 55,88 индекси менен 36-орунду ээлеген.

Кылмыштуулук кеңири жайылган өлкө катары 83,16 индекси менен Венесуэла биринчи орунда турат. Ал эми кылмыштуулуктун деңгээли эң төмөн өлкө деп Катар (14,15 индекси менен) аныкталды.

Рейтинг кылмыштуулуктун индексине баа берүүнүн негизинде эсептелет. Анда 0дөн 19,99га чейинки индекс эң төмөн, 20дан 39,99га чейин – төмөн, 40тан 59,99га чейин – орточо, 60тан 79,99га чейин – жогорку, 80 жана андан жогору — эң жогору көрсөткүч катары бааланат.

Numbeo: Кыргызстан дүйнөдөгү кылмыштуулук деңгээли жогору 50 өлкөнүн катарына кирди
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты