«Медиа Полиси Институту» бийликти сынчыл маанайда ой жүгүрткөндөргө каршы күрөштү токтотууга чакырды

  • 2 года мурун

«Медиа Полиси Институту» уюму бийликти активисттерге карата куугунтукту жана сынчыл маанайда ой жүгүрткөндөргө каршы күрөштү токтотууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун блогер Ырыс Жекшеналиевдин кармалуусуна байланыштуу тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Уюм 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар үчүн жоопкерчиликти караган айып коюу менен бийлик элди тынчсыздандырган темаларга коомдук талкууну токтотууга умтулуп жатканын билдирди.

Уюм өзүнүн билдирүүсүн төмөндөгү аргументтер менен толуктаган:

ИИМдин тергөө кызматынын Ырыс Жекшеналиевди суракка алуусунун себептери жалпыга маалымдоо каражаттарынан белгилүү болду. ИИМ Жекшеналиевдин сурагы “Фейсбуктагы” баракчасына жазгандарына байланыштуу экенин билдирди.

“Бул баракчада атайылап жалган маалымат таратылып жатат. Айрым адамдар Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы чыгууга үндөшүүдө. Айрым билдирүүлөрү кооптондурат, себеби ал жерде карама-каршы, туура эмес маалыматтар таратылып жатат. Айрым активисттердин жана башка адамдардын жалган жана анык эмес маалыматтарды жайылтууга болгон кызыгуусу бар, ошондой эле Жетим-Тоо кенинин айланасындагы кырдаалды курчутуу үчүн коомдук пикирди манипуляциялоо аракети байкалууда. КР Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча кылмыш иши козголду”, — деп билдирген ИИМ.

«Жекшеналиевдин кайсы сөздөрү жана билдирүүлөрү аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болуп бергенин ИИМ айткан жок. Бул берене боюнча кылмыш оор деп эсептелет жана беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө альтернативасыз жазаны караштырат.

«Биздин баамыбызда, аталган берене боюнча коюлган айып бийликти сындаганы үчүн куугунтуктоого окшоп турат», — деп айтылам МПИнин билдирүүсүндө.

Уюм ушул жылдын башынан бери активисттердин жарандык позициясы үчүн үчүнчү кылмыш иши козгологонун эскертти.

«Ушуга байланыштуу бийликти сындоо – бул ар бир адамдын сөз жана пикир эркиндигине болгон конституциялык укугу экенине көңүл бурабыз. Өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык, эгерде конкреттүү легитимдүү максат бузулса, мисалы, улуттук коопсуздукка чыныгы коркунуч туулса же башка адамдардын укуктары бузулса, бул укук мыйзамдуу түрдө чектелиши мүмкүн. Ошону менен бирге, ар бир адамдын бул укугуна мамлекеттин ар кандай кийлигишүүсү өлчөмдөш жана шайкеш мүнөздө болууга тийиш», — деп айтылат билдирүүдө.

«Медиа Полиси Инситуту» төмөнкү себептерден улам Жекшеналиевге коюлган айып негизсиз деп эсептейт.

  • Эгерде басылмаларда (билдирүүлөрдө) бул аракеттерге чакырыктар жок болсо, анда КР Кылмыш-жаза кодексинин ушул беренесин колдонуу мүмкүн эмес.

Жазык укугунун теориясында бул кылмыштын объективдүү жагы жапырт башаламандыктын катышуучуларынын бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана (же) массалык башаламандыктарды улантууга, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырууда чагылдырылат[2].

Муну менен катар, жапырт башаламандык деген эмне болгонун так аныктап алуу зарыл. Мындай учурда адам зордук-зомбулукка, мүлктү талкалап-бүлүндүрүүгө, өрттөөгө, жок кылууга, ок атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонууга же бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүүгө чакырат дегенди билдирет. Ошентип, талкалап-бүлүндүрүүгө, өрттөөгө жана коомдун кадыресе турмуш-тиричилигин бузган башка аракеттерге чакырыктар менен билинген коомдук коопсуздукка чыныгы коркунуч болушу керек. Ал эми басылмаларда бул аракеттерге чакырыктар болбосо, анда КР Кылмыш-жаза кодексинин бул беренесин колдонуу мүмкүн эмес.

Эскерте кетсек, тынч митингдерге, демонстрацияларга чыгуу чакырыгы жапырт башаламандыкка же бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө чакыруу кылмышынын курамын түзө албайт, себеби тынч митингге катышуу жана ага чакыруу өлкөнүн ар бир жаранынын конституциялык укугу болуп саналат.

  • Басылмада так эмес маалыматтын болушу жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп бере албайт.

Бул жазык беренеси боюнча кандайдыр бир “анык эмес маалымат” жөнүндө сөз болгон жок. Негизи эле пресс-релизди даярдап жатканда ИИМ мыйзамдын конкреттүү кайсы ченемин жетекчиликке алгандыгы олуттуу кызыгууну жаратууда. ИИМдин пресс-релизинде колдонулган туюндурмалар мүнөздөлүп жаткан иш-аракеттер КР КЖКнын 278-беренесинин 3-бөлүгүн колдонууга туура келбегендигин көрсөтүп турат.

“Анык эмес маалымат” деген түшүнүк так эмес, ишенимге арзыбаган, ишенимге татыксыз нерсени билдирет. Ошону менен бирге, “анык эмес маалымат” деген түшүнүк өзүнүн аныктамасынан мындай пикирди билдирүүдө жаман ойду көздөбөстөн жаңылып калууну жокко чыгарбайт. Мисалы, жакында эле көңүлүңөрдү бир көрүнүшкө бурганбыз: Ички иштер министрлиги “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды аткаруу үчүн профилактика катары социалдык тармактардын пайдалануучуларын суракка алып жатканын айтып, ИИМдин башчысы өзү так эмес маалыматтарды таратууда.

Ошондуктан, эгерде ИИМ белгилегендей, коомдо так эмес маалымат таратылып жатса, анда биздин өлкөнүн мамлекеттик бюджетинен каржыланып жаткан көп сандаган мамлекеттик каналдардан (мисалы, “КТРК”, “КТРК Ала-Тоо 24”, “ЭлТР”, “Бешинчи канал”, “Пирамида”, “Илим-Билим” (“ЭлТР”), “Ынтымак”, облустук телеканалдардан) пайдаланып, мамлекеттик органдардын колунда болгон “анык маалыматтар” берилиши керек. Эгерде активисттин билдирүүсү кайсы бир адамдын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирсе, анда ал адам жарандык доо менен сот органдарына кайрылууга укуктуу.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде уюм Мирлан Ураимовго, Мыктыбек Адилет Алиге, Ырыс Жекшеналиевге жана пикирин эркин билдирүү укугун колдонгонуна байланыштуу камакта отурган башка адамдарга карата жазык куугунтугун чукул арада токтотууга үндөп, бийликти түзүлүп жаткан кырдаалды талдап чыгууга, кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана камакта кармоо өңдүү ыкмалар менен сынчыл маанайда ой жүгүрткөндөргө каршы күрөштү токтотууга, өз кесибине тиешелүү тикелей максаттары жана милдеттери боюнча жигердүү ишти баштоого чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты