Түркияда Кыргызстандын 46 жараны көчөдө калды

Түркияда Кыргызстандын 46 жараны көчөдө калдыҮч ай иштеп, айлыгын ала албай акчасыз жана жумушсуз калган жарандар айла кеткенде маалымат каражаттары аркылуу кайрылуу жасашты. Ага караганда, алар «Фиеста сервис» компаниясы аркылуу ишке орношуп, бирок алданып калышкан. Кыргызстандан барган бул топ Түркиянын Кемер шаарындагы «Авангард ресорт» мейманканасында 3 ай иштеген. Бирок келишим бүткөндөн кийин айлык акысын алган эмес.

«Мейманканадан бизге айлык акы маселесин жумушка орноштурган компания менен сүйлөшүп чечишип алгыла дешти. Бирок «Фиеста сервис» компаниясынын директорунан дайын жок. Телефону өчүк, Бишкектеги кеңсесинде дагы эч ким телефонго жооп бербей жатат. Биз Кыргызстандын элчилигине кайрылганга туура келди, бирок алар дагы биздин өтүнүчүбүзгө көңүл бурушкан жок», — дешет көчөдө калган журтташтарыбыз.

Тышкы иштер министрлигинен Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу бул маселени териштирүүгө киришкенин билдиришти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты