Бишкекти өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кеңештин ушул жылдын 26-майындагы №30 токтому менен бекитилген «Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл шаар» өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өнүктүрүү программасынын планы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн жана мэриянын жооптуу кызматкерлеринин катышуусунда иштелип чыкты.

«Иш-чаралар планы шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары: турак жай-коммуналдык чарба, коомдук транспорт, көрктөндүрүү, экология, социалдык чөйрө боюнча пландаштырылган 170 иш-чарадан турат, ошондой эле шаардын экономикасын жаңы деңгээлге чыгаруу, шаардын бюджетин көбөйтүү, шаарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны жаңы деңгээлге көтөрүү жолдорун карайт», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты