Кыргызстандык 3 окуучу информатика боюнча эл аралык олимпиадада коло байгеге ээ болду

  • 2 года мурун

7-15-автустта Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн информатика боюнча 34-Эл аралык олимпиадада  кыргызстандык үч окуучу коло медалга ээ болду. Бул тууралуу олимпиаданын расмий сайтында айтылат.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, аталган сынакка Кыргызстандан төрт окуучу катышкан.

Олимпиаданын жыйынтыгында Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинин 10-классынын окуучусу Айдар Мундузбаев, Жалал-Абаддагы Курманбек Баатыр атындагы кыргы-түрк лицейинин 10-классынын окуучусу Теңгиз Беккоенов жана Нарындагы Муратбек Субакожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Данияр Бейшекеев 3-орунду алып, коло медалга ээ болду.

Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү Талант Дыйканбаев ардак грамота менен сыйланды.

Команданын жетекчиси — Павел Панков. Команданы даярдаган — Кылычбек Урайымов.

International Olympiad in Informatics — информатика боюнча өтүүчү ири олимпиада. Ага ар бир өлкөдөн төрттөн окуучу катышат. Быйыл олимпиада Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп, 90 өлкөдөн 349 окуучу катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты