«Азия Ньюс» гезити эки миллион сомдук доого жыгылды

«Азия Ньюс» гезити эки миллион сомдук доого жыгылдыБишкектин Октябрь райондук соту «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди эки миллион сом доо төлөөгө милдеттендирген чечим чыгарды. Ага Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун аталган басылмага каршы эки арызы себеп болгон.

Башкы редактор Асланбек Сартбаевдин билдиришинче, Акматбек Келдибеков гезитке чыккан айрым маалыматтар “кадыр-баркыма шек келтирди” деген негизде сотко эки арыз жолдогон. Сот анын арызын канааттандырып, ар бирине миллион сомдон, жалпысынан эки миллион сом доо төлөнсүн деген чечим чыгарган.

Гезит редакциясы азыр бул боюнча соттук кийинки баскычтарга аппеляциялык арыз менен кайрылар-кайрылбасын караштырууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты