Өмүрбек Текебаев: “Кишини жок кылып, террористтерге шылтап коюшу мүмкүн”

Өмүрбек Текебаев: “Кишини жок кылып, террористтерге шылтап коюшу мүмкүн”Өмүрбек Текебаев кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп, Президенттин атынан жасалган билдирүүлөр боюнча тактоо киргизүүгө мажбур болгонун айтты.

Атамбаев менен Батыровдун жолугушуусу, Асылбек Текебаевдин сүрөтү боюнча

—Президенттин аппараты «Атамбаев менен Батыровдун жападан-жалгыз жолугушуусу Роза Отунбаеванын өтүнүчү менен болгон. Жолугушууда этникалык азчылыкты, тагыраак айтканда, өзбек улутундагы жарандарды мамлекеттик кызматка тартуу маселеси каралды. Экинчи маселе парламенттик шайлоолор жөнүндө болуп, “Кадыржан Батыров жетектеген «Ватан» деген бир улуттун партиясы, өз алдынча катышпастан  тигил же бул партияга кошулуп катышыш керек» деген сөз болгондугун да, жолугушуу болгонун дагы тастыктады. Убактылуу өкмөттүн эркек мүчөлөрү көп татаал маселелерде Отунбаеванын юбкасына жашынып келгендиги баарыбызга белгилүү. Атамбаев ошол адатына салып, Батыров менен Отунбаеванын сунушу менен жолуктум деп жатат. Бул жалган, Отунбаева сунуш берген эмес. Атамбаев бир эмес, бир нече жолу жеке өзүнүн демилгеси менен жолугуп турган. Муну Батыров да, Каптагаев да тастыктап жатат.

Ошондой эле алар КТРден Асылбек Текебаевдин Батыров уюштурган митингде сүйлөгөн сүрөтүн чыгарып, «Атамбаевдин кеңешчилерин Батыров укпай коюп, УӨ башка мүчөлөрүнөн шерик табат. Ал кайсы саясатчы экенин, Батыров кылмыш жасап жатканда саясатчынын жакындары анын жанында жүргөндөрүн  жалалабаддыктар жакшы билет» деп жарыялайт. Президенттин аппараты ошол сүрөттү айтып жатат деп ойлойм. Ал сүрөттүн тарыхын айта кетейин:

“Атамбаев 2010-жылдын 18-апрелинде  өзүнүн тарапкерлери менен жолугуу үчүн түштүккө жашыруун учуп барганын УӨ мүчөлөрү билбей калдык. Баткенге учак менен учуп барып, андан Ошко келип жолугушат. «Жалал-Абадда тынч болбой жатат, мен мындан кийинки барчу жерим Жалал-Абад» деп айтып, жолугушууну жабат. Бул боюнча тастыктаган маалыматтарды “Азаттык” кеңири жазган. Ошол күндөрү иним мага чалып «Атамбаев түштүккө келиптир, Жалал-Абадга да келет экен» деп айтты. Мен Атамбаевдин түштүккө учуп барып Жалал-Абадга барарын билген эмесмин. Роза Отунбаева жана башкалар да, ошол кездеги губернатор Бектур Асанов да билбейт экен. Иниме чалып «эч ким билбейт экен, сен кайдан уктуң» десем, «Кадыржан Батыровго мени тосуп ал, сенден башка реалдуу ишене турган күч жок, элиңди жыйна» деп айтыптыр деди. Ал өзүнүн университетинин короосуна элди жыйнап күтүп туруптур. Ошондо «жаңжал чыгып кетпесин Атамбаевди коргой турган болуп, балдарды алып баргыла. Ар бир нерсени байкагыла» деп инимди жөнөткөм. Анткени 18-19-апрель Жалал-Абадда кооптуу учур болуп турган. Эч кимге айтпай сепаратист  менен сүйлөшүп кетсе, барымтага алып албасын деген ой болгон. Барымтага алып алганда эмне кылмак элек? Атамбаевди коргойбуз деп өмүрүн тобокелге салган (биринчи жолу эмес президенттик шайлоо учурунда да коргоп жүргөн) адамды болгон каналдардан президент өзү «Кадыржан кылмыш кылып атканда жанында турган» деп жамандап жатат. Кадыржан ал учурда Атамбаевди күтүп турган. Жалал-Абадда коркунуч деп барбай, Бишкекке түз эле учуп келген. Бул сүрөттү ушундай максатта пайдаланганы ыплас иш”.

Атамбаевдин жери  тууралуу

—Башкы прокуратура «Атамбаевдин тапшырмасы менен Текебаевдин жарыялаган фактылардын мыйзамдуу экенин иликтедик. Текебаев элди алдаптыр» деп айтты. Башкы прокуратура Максим Бакиевдин фирмасына тиешелүү болгон 2,7 га жерге Атамбаевдин үй салып жатканын,  ал жер 2008-жылы Максим Бакиевдин «Артстрой-Дизайн» фирмасына таандык болгонун. Ал фирма Бакиевдики, бул боюнча соттун чечими чыгып, ал жер 2010-жылы мамлекетке, “Дастанга” кайтарылган. Ибраимов “Дастан” заводуна жетекчи болуп барганда 2012-жылы аны сатып жиберишкен. Аны сатууга чечим чыгарган кишилер, Атамбаевдин ишканаларында иштеп жүргөн кишилер болуп чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин Атамбаевдин адамдары «Дастанды» башкарып турат. Максим Бакиев «Дастанды» кантип өзүнө өткөрүп алган болсо, дал ошол жол менен башка кишилердин колуна өтүп кеткен. Эми ошол жер эки адам аркылуу президентке кетти. Эсептөө палатасы  «Дастандын» чарба иштерин текшерип, көп кемчиликтерди тапкан. Ошол кемчиликтердин бири — 9 гектар жерге жайгашкан 175 млн сом турган «Солнечный берег» 47 млн сомго сатылып кеткени. Бул эсептөө палатасында жашырылып жатат. Өкмөткө ошол эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгын жарыяласын деп кайрылам. Түздөн-түз Атамбаевге көз каранды болгон адамдар “Дастан” заводун башкарып туруп, Максимдин схемасындай эле «подставной» адамдар аркылуу бул иштерди жасап жатышат. Эки адамдан өткөрүп, үч жолу сатылса эч ким доо кое албайт деген түшүнүк бар. Эки адамдан сатып алып, мен эч нерсе билбейм деген фокусту айылдагы карапайым киши дагы билет.

Ибраимовдун дилбаяны

—Президенттин аппараты, атайын кызмат эки жума ойлонуп, президенттин намысын сактап калабыз деп болгон интеллектуалдык кубатын кошуп туруп, Албекке жаздырган дил баянына токтолоюн. “Аки-пресс” агенттигине берген маегинде: «Мен Анарбек Укуев менен эбактан бери тааныш болчумун. Жел тилкесин мага сат деп  кайрылганда аябай сүйүнүп кеттим.  Анткени дайыма жарнама берип да, алуучу таппай сата албай жүргөм» дейт. Директорлор кеңешинин чечими менен 2 күндө сатышса кайдагы жарнаманы айтып жатат. Ушул жерден менин буга чейин «Албек деген Атамбаевдин өтө жакын адамы» деген сөзүмдү да тастыктап жатат.  Ал мындай дейт «Атамбаев менен 20 жылдан ашык убакыттан бери бирге иштешип жүрөбүз. Ал киши бардык учурда мага жардам берип келген. Бул үчүн мен ал кишиге ыраазымын. Мага бардык учурда жардам берип колдоп турган, ал тургай кээде каржылык жардам да көрсөтүп келген. Менин бир тууганымдай, абдан жакын адамбыз десек да болот» дейт.

Кызматтык орун которуулары жөнүндө

—Албек СЭЗде иштегендиги тууралуу «Революция болгондон кийин «Бишкек» эркин экономикалык аймакка жөнөтүштү. Ал жерде 10 ай иштедим. (Ал жерде кандай иштегенин айтпайт, чоң жаңжал болгон) 10 айдан кийин Алмаз Шаршеновичке кирип бул жумуш мен үчүн эмес экенин айттым» дейт. Анан “Дастан” заводунун башкы директору болуп дайындалат. Менин оюмча, Ибраимов кызмат орундарын өзү тандайт окшойт. Анткени маегинде “бул жумуш мага жарабайт десем, «Дастанга» директор кылып койду” деп жатат. Ал жактан кайра иштегиси келбей, кайра президентке кирсе керек, президент аппаратынын жетекчисинин орун басары кылып алат. «Ал жакта 7 ай иштегенден кийин андан ары чыдай албадым. Интриганын баары ошол жакта экен. Ал жумуш мен үчүн эмес экенин түшүндүм. Президентке кирип бул жумуш мен үчүн эместигин, калгым келбегенин айткам» деп жатат. Ошентип  Аэропортко алып барып коюп коюптур. Андан ары аэропортту кыйраттым деп мактанып жатат. Атамбаев хаб жасайм деген, хаб болбой калды. Аэропорт транзиттик болушу керек, биздики тупиковый. Кыргызстан аркылуу өткөн бир дагы рейс ачылбады. Бир эле Монголияга ачылды, аны да Жоомарт Оторбаев ачып кеткен. Бирок жүргүнчүлөрдүн саны көбөйдү. Бир жылда 3 млн жүргүнчү учат. Булардын көбү Россиядан Кыргызстанга келип кайра учуп кетип жаткан мигранттар. Эми эмне кылды? Ар бир учкан адамдан аэропорт алып калат деп кошумча 10 доллардан алабыз деп чечим чыгарды. 3 миллиондун 1,5 миллиону Кыргызстандан чыгат, 1,5 миллиону келет.  Ар бир чыккан кишиден жөн эле 10 доллардан кармап калат. Бул 1,5  млрд сом. Эптеп Россияда иштеп акча таап баламды же ата-энемди көрөйүн деп келген мигранттан алып калып жатат. Ошентип аэропорттун көрсөткүчүн өстүрдүм дейт. Ал жактан дагы ызы-чуу менен кетип, Атамбаевге келип «шеф, мен ал жерде иштей албай калдым» деп айтса керек, дагы көтөрүп шаарга алып келип койду. Азыр аэропорттун Чукуев деген директору бар. Ал да кокусунан келип калган киши эмес. «Дастан» заводунун директорлор кеңешинин мүчөсү болгон экен. Жакында барып келдик, Чукуевге «бир компания учактарга 430 доллардан май сатыптыр, экинчи  Албек менен байланышы бар компания 650 доллардан май сатыптыр. Айырмасы 200 доллар экен. Бир эле жеткирүдөн 700 млн тааптыр, буга кандай дейсиз?» десем, «Сиздин кандай ишиңиз бар. Ал коммерциялык уюм, өзү каалаган баада сатат» деп жооп берди. Албек интервьюнун жүрүшүндө аэропортто жасаган иштерине токтолуп, мени сотко берерин айтыптыр. Мен Текебаевди сотко берип, акча өндүрүп алып, балдар үйүнө жардам берем» дейт. Мен да соттошуп жүрөм. Соттошкон кишилеримди мен да уткам. Соттон утсам 5-6 миң сом компенсация берет. Чыныбай менен Данияр утса 90 миң сом, Илмиянов утса 2 млн сом компенсация төлөнөт. Эмне алар ошончолук назикпи же алардын  жүрөгү меникине караганда миң эсе кыйын ооруйбу. Албек да менден 2 млн өндүрсөм деп жаткан го. Менин айткандарымдын баары иш жүзүндө тастыкталып жатпайбы.

Сапар Исаков «балакай» жөн калбай мага тийишип жатат

—Президенттин аппаратында Сапар Исаков деген «балакай» жөн калбай мага тийишип жатат. «Акыркы күндөрү Текебаев тарабынан айтылып жаткан калп сөздөрдү саясий эле эмес, медициналык жактан да карашыбыз керек» деди. Менин айткандарымды эч ким жок дей албайт, анткени баары далилденген. Сапар кошулуп интеллектуалдардын баары Албекке жазып берген дилбаянын окудук. Президенттин абийирин ачып, шермендесин чыгарды. Оюнда «Атамбаевге жакшылык кылып койдум» деп ойлосо керек. Атамбаев ушуга окшогон адамдан көрө сүйлөбөгөн кызматкерди алыш керек. Исаков айтып койсо Текебаев унчукпай калабы? Муну Сапар эмес, Атамбаев айтты. Мени эмес, Атамбаевдин өзүн доктурга көрсөтүш керек. Бул менин эмес, кыргызстандыктардын, бүт эл аралык өнөктөштөрүбүздүн пикири. Мына эми Грузия менен Арменияга иш сапары менен барат экен. Эмнеге? Мөөнөтү бүтөйүн дегенде шаан-шөкөт менен айылга барып алайын дегениби? Ал өлкөлөр менен биздин соода-экономикалык абалыбыз кичинекей, жакынкы арада өнүгүп кете турган түрү жок. Түркия менен араздашып атсак, алар тааныбаган грек Киприн 56 жылдык майрамы менен өчөшүп, кычышып ооруканадан чыга элек куттуктап жатсак. Эми келип алып түрктөр менен  айтышып жүргөн Арменияга учуп кетип жатат. Кудайдан армяндардын геноцидине коюлган эстеликке гүл коюп койбосо экен» деп тилейт элем. Анда түрктөр менен биротоло кол үзөбүз.

Мени эми террористтерге жармаштыргысы келип жатат

—Жакында эле АКШ менен Улуу Британиянын элчилиги Кыргызстанда теракт коркунучу бар экенин билдирип, адам уурдоо, барымтага алуу болушу мүмкүндүгүн айтып чыкты. Алар да кандайдыр бир маалыматтарга таянуу менен айтышууда. Ошол эле учурда бир нече күн мурун өзүлөрүн кыргызстандыкпыз деп тааныштарган үч маскачан киши видео кайрылуу аркылуу Кыргызстанга коркутуу сөздөрүн айткан.  УКМКдан ЖМК аркылуу ошол маскачан адамдардын сүйлөгөн сөзү Өмүрбек Текебаевдикине окшош болуп жатат. Эмне үчүн окшош болуп жаткандыгын териштирип жатабыз деп айтышты. Ушул жерден Текебаев менен террористтердин байланышы бар деген ойду айтып жатат. Мени Максимге дос, Жаныш Бакиевге тууган кылышты,  эми террористтерге эле жармаштырышы калды эле. Ошентип жармаштырып туруп эртең Садыркуловдой кылып уурдап же өрттөп койсо террористтер жасады, ошолор  пикири келишпей калса керек деп коет. «Теракт тууралуу маалымат чын болсо артында ким турат? Чын эле «Ислам мамлекети» турабы? Же биздин атайын кызматтагы адамдар бир-эки террордук акцияларды жасап, элдин үрөйүн учуруу менен президенттин айланасына элди бириктирүүгө аракет кылабы? Анткени көптөгөн авторитардык өлкөлөрдө башын көтөргөн оппозицияны токтотуп, элди ынтымакка чакыруу үчүн ушундай кадамдар жасалат. Анан ошондой шумдун арасында тигил же бул кишини жок кылып, террористтерге шылтап коюшу мүмкүн.

Жазып алган Парахат Шукурова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты