Шашылыш билдирүү: үшүк жүрүшү күтүлөт!

Шашылыш билдирүү: үшүк жүрүшү күтүлөт!

 16-17-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  0…-2° суук,  күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде  жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5°жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо  түнкүсүн  -2…-7°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук болушу күтүлөт.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты