Облустарда мектеп жетекчилерин тандоонун графиги өзгөрдү

  • 2 года мурун

Ош, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүнүн графиктери өзгөрдү. 

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы түзүлгөн график боюнча тестирлөө Ош облусунда 13-августта, Чүй, Талас облустарында 17-августта, Нарын жана Ысык-Көл облустарында 20-августта өтөт.

Белгилей кетсек, 11-августта Баткен жана Жалал-Абад облустарында мектеп жетекчилеринин бош кызмат ордуна талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты