Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген комиссия ишин аяктады

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында каза тапкан «Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген жумушчу комиссия ишин аяктады.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссия Асанбаев менен Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө трагедиялуу жагдайлардын жыйындысы алып келген деген алдын-ала корутунду чыгарды.

Расмий маалыматта комиссия мүчөлөрүнө УКМКнын тергөө абагынын имаратына кирүүгө, камакка алынгандардын өздүк иштери, көзөмөл камералардагы тасмалар менен таанышуу, коопсуздук кызматкерлери жана абактагы башка адамдар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк болгону айтылат.

Комиссия 12 жолу отурум өткөрсө, анын беши УКМКнын тергөө абагында, жети жолу өкмөттө болгон.

Комиссия өз корутундусунда мындай окуялар кайталанбашы үчүн зарыл болгон чараларды сунуштаган.

Комиссиянын төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов: «Министрлер кабинети мамлекет башчысынын тапшырмасы менен убактылуу кармоочу жайды, СИЗОну жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырууда. Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот», — деп билдирген.

44 жаштагы Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылганы кабарланган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.

56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген шек менен кармалган.

Маркумдардын жакындары бир катар дооматтарды айтып чыккан. Президент Садыр Жапаров Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты