Кыргыз-тажик аймагында бир суткада эки жолу жер титиреди

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча кечээ  кыргыз-тажик чек ара аймагында бир суткада эки ирет жер титиреди. 14-октябрда саат 11:15те Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда -2,5-3 баллга чейин сезилген.

14-октябрда 13:12де Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен экинчи жер титирөө катталган. Чоң-Алай районунда 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты