Москвада мекендештерин тоноп жүргөн кыргызстандыктар кармалды

Москвада мекендештерин тоноп жүргөн кыргызстандыктар кармалдыМосквада мекендештерин сабап, тоноп жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын 15-октябрда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Алардын баары Кыргызстанда туулган.

Кармалгандар менен жабыркагандар таксомотордук фирмада иштеп, акчасын алдыргандар полицияга арыз жазуудан коркуп жүргөн. ИИМден билдиришкендей, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өздөрүн Камчы Көлбаевдин тобундагы адам катары тааныштырып келген.

«КР ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө белгисиз адамдар Москва шаары менен Москва облусунда Көлбаевдин атын жамынып мекендештерин сабап, тоноп жүргөн адамдар боюнча бир нече ирет маалымат келип түшкөн. Быйыл июль айында аларга укук коргоо органдары тарабынан «күч колдонуу менен тоноо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон», — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алардын сегизи Кыргызстанда туулган. Колго түшкөндөрдүн экөө МТК таксомотордук ишканасында иштеп, мекендештерине салык салып келген. Аларга карата кылмыш иштери козголгону менен баш коргоо чарасына ылайык эркиндикте калып, тоноочулук ишин улантышкан. Кийинчерээк жабыркагандардын бири кылмышкерлер аны тапанча менен коркутканын айтып берген.

«Жабырлануучу унаасын сатып Кыргызстандан Москвага келген. Ал таксомотордук паркка расмий келишими жок ишке орношуп ошол жактан Аскар жана Мадияр деген балдар менен таанышкан. Алар августтун башында жабырлануучуну коркутуп 1600 долларын, паспортун, телефонун жана башка баалуу буюмдарын тартып алган. Аскар менен Мадияр ал жаранды токойго алып барып таксисттердин көзүнчө сабап, башкалар баш ийбесе аларды да ушундай тагдыр күтүп турганын айтышкан”, — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

2018-жылдын октябрь айында уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кайрадан эле жабырлануучудан акча талап кыла баштаган. Ал мындай кордукка чыдабай кетип акыры укук коргоо органдарына арыз жазган. Доо арыздын негизинде Аскар менен Мадияр иштеген жер тинтүүгө алынып, тапанча, белги коюлган 10 миң рубль, 54 айдоочулук күбөлүк, кыргызстандык жарандардын 35 паспорту, үч аскер билети менен саат табылган.

Учурда колго түшүрүлгөндөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эми документтердин ээлери изделип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн дагы башка иштерге тийштиги бар-жогу иликтенип жатат.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты