Сот Каныбек Осмоналиевди актады

Сот Каныбек Осмоналиевди актадыБишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн кечке жуук мурдагы билим берүү министри, ЖКнын мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев актаган чечим чыгарды. Сот бардык коюлган айыптар боюнча далил табылган жок деп таап, анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил катын жокко чыгарды.

Мамлекеттик айыптоо соттон Осмоналиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга камоону, ага үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну соттон суранган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2014-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат абитуриенттер Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жайынын жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганын айткан. Быйыл мартта УКМК “Осмоналиевдин студенттерден 14 миң доллар алганы аныкталды” деп билдирген.

Каныбек Осмоналиев күнөөсү жоктугу аныкталганы үчүн бул иш 2015-жылдын 8-октябрында жабылганын жана иш саясий негизде козголгонун айтып келген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты