Баткенде 8 жаштагы баланы 3 ит талаган

Баткенде 8 жаштагы баланы 3 ит талаган

Баткенде 3 күн мурда ит талап, оор абалда ооруканага түшкөн 8 жаштагы Бекжан аттуу баланын абалы бир аз жакшырды. Азыр ал сынык-жараат бөлүмүнө которулуп, кутурмага каршы даарыланууда. Абалы орто.

12-октябрда Баткен районундагы Ак-Турпак айылындагы талаада 8 жаштагы баланы ит талап, бети-башынан, мойнунан жаракат алганын жазганбыз. Оор абалда облустук ооруканага түшкөн балага дароо операция жасалган. Кийинчерээк балага айылдагы 3 ит кол салып, 8 жеринен жараат алганы аныкталган.

Үч ит капкан Бекжандын жакындары айылдагы ээси жок жолбун иттерди жок кылууну талап кылууда. Алар жолбун иттер дагы башка адамдарга да залакасын тийгизиши мүмкүн деп кооптонуп жатат.

Баткен райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришкенге караганда, учурда баланы капкан иттерди тиешелүү тараптар текшерүүдө. 15 күн ичинде алардын оорулуу же таза экени аныкталат. Тиштеген иттердин экөө эмдөөдөн өткөн, бирөөсү шек жаратууда.

Жалпы облуста 15 миңдей ит каттоодон өткөн болсо, жолбун иттер да арбын. Аларды жок кылууга жыл сайын айыл өкмөттөрдөн каражат бөлүнөт. Аймакта быйыл 5 миңдей ит кутурмага каршы эмделген.

Жыл башынан бери облуста ит каап, кутурмага чалдыккан 3 жаран каза болгон.  Жалпысынан 180 адам иттен жабыркаган, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 30га көп.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты