Ошто чет элдиктерди тоноого шектелген эки милиционер кармалды

Ошто чет элдиктерди тоноого шектелген эки милиционер кармалдыОш облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат батальонунун 25 жаштагы эки кызматкери Ош шаарында чет элдиктерди тоноп жүргөн деген шек менен кармалды. Ош шаардык милициясынын маалыматына караганда, шектүүлөр 1-октябрдын кечинде шаардын Кара-Суу кѳчѳсүндѳ жайгашкан «Мээрим» ресторанынын алдынан Индиянын 18 жаштагы жаранын ВАЗ 2107 үлгүсүндѳгү автоунаасына отургузуп, Уркуя Салиева кѳчѳсүнѳ алып барганда, анын жанындагы 3 000 сомун тартып алып из жашырып кеткен.

11-октябрда кечки тогуздар чамасында Ош шаарындагы «Демир Банктын» банкоматынан акча алып бара жаткан Индиянын 25 жаштагы жаранын өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырган эки киши ВАЗ 2107 үлгүсүндѳгү мамлекеттик белгиси жок автоунаага салган. Аны Тилеке баатыр кѳчѳсүнѳ алып барып, жанындагы 100 АКШ долларын жана 2000 сом акчасын тартып алып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул арыздар боюнча Ош шаардык милициясынын Сулайман-Тоо бөлүмүнүн ыкчам-тергѳѳ тобу окуя болгон жерлерде болуп, тиешелүү маалыматтарды топтогон. Иликтѳѳлөрдүн натыйжасында шектүү катары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат батальонунун 25 жаштагы эки кызматкери кармалган. Учурда бул иш боюнча топтолгон маалыматтар толук жана ар тараптуу юридикалык баа берүү үчүн Ош шаардык прокуратурасына жиберилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты