Мектеп директорлорун тандоо: Баткенде 60 талапкер компьютердик тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 11-сентябрда Баткен облусунда мектеп директорлорун тандоо боюнча компьютердик тестирлөө өттү.

Билим берүү министирлигинен билдиришкендей, сынакка 147 талапкер катышып, анын ичинен 60 талапкер босого баллды топтой алды. Тестирлөөдөгү эң жогорку көрсөткүч 74%ды түздү.

Баткен облусунда жетекчилигине жалпы 98 ваканттык орун бар.

Президент Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка 12-июлда кол койгон.

Документ билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кесипкөй адистерди тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртууга багытталганы кабарланып, сынактын шарттары президенттин сайтында толук жазылган.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмаша турганын билдирген. Мектеп директорлору беш жылдык мөөнөткө дайындалып, андан ашык иштегендер кызматынан бошотулат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты