«Каракол» эл аралык аэропортун реконструкциялоо үчүн сынак жарыяланды

  • 2 года мурун

«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому «Каракол» эл аралык аэропортунда курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүү үчүн сынак жарыялады. 

Потенциалдуу бөдрөтчүлөр сынакка төмөндөгү 3 багыт боюнча катыша алат:

1. «Каракол» эл аралык аэропортунун жаны аэробекетин куруу» долбоору боюнча курулуш-монтаждык иштери».

2. «Каракол» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин (УКТ) 400 метрге узартуу менен бирге аэродромдун элементтеринин төшөлмөсүн реконструкциялоо».

3. «Каракол» эл аралык аэропортун жогорку интенсивдүү жарыктандыруу системасы менен жабдуу боюнча жабдыктарды жеткирүү, курулуш-монтаждоо жана ишке киргизүү жумуштарды жүргүзүү, аэродромдогу шамалдын багытын аныктоочу жабдыктарды жана перрондук жарык берүүчү мачталарды орнотуу».

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты