Кызыл-Кыяда мурдагы аялын зордуктап, сабоого шектүү жаран кармалды

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мурдагы аялын зордуктап, денесине жарат келтирген деген шек менен 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 21-июлда болгон. Ноокат районунун 33 жаштагы тургуну Б.А. Кызыл-Кыя шаардык милициясына кайрылып, мурдагы күйөөсү Б.К. аны талаага коркутуп алып барып, ыплас жолдор менен зордуктап, сабап, Ноокат районунун Көк-Жар айылына чейин жөө алып барганын айткан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») менен каттаго алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмышка шектүү 9-августта Ысык-Көл облусунда кармалып, Баткенге жеткирилген. Учуда бул фактыны тергеп-иликтөө уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты