Кыргызстан быйыл Жапонияга 400 тонна бал экспорттойт

  • 2 года мурун

Жапониянын Токио шаарында Кыргызстандан быйыл 400 тонна бал алуу тууралуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен (ТИМ) билдиришти.

«10-августта эки өлкөнүн ишкерлеринин биргелешкен жыйынында Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинин көмөгү менен атайын келишимге кол коюлду. Келишим «Sojitz» соода компаниясынын катышуусу менен «Japan style» жана «Yamada Bee Company Group» ишканаларынын ортосунда түзүлдү. Документке ылайык, бал бир нече этап менен жеткирилет. Биринчи 20 тонналык контейнер жакынкы арада экспорттолот», — деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылы 43,4 тонна бал Жапонияга экспорттолгон. Ал эми экспорттун көлөмү 2020-жылы 15,7 тонна, 2019-жылы 13,4 тонна, 2018-жылы 8,3 тоннаны түзгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты