Фарид Ниязов: “Коомчулуктун бир бөлүгү саясаттагы өзгөрүүлөргө иренжип турат»

Фарид Ниязов: “Коомчулуктун бир бөлүгү саясаттагы өзгөрүүлөргө иренжип турат"Бүгүн, 2017-жылдын 15-октябрында  Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен президенттик шайлоо өткөн күндөн бери  бир жыл өттү. Буга байланыштуу 2017 — жылдагы президенттик шайлоодо С. Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов шайлоо штабында иштегендерге кайрылды. 

Кайрылууда С. Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов мындай деди:

“Өлкөдө кырдаал өзгөрүп, көпчүлүгүбүздү эки бөлөк саясий жээкке бөлүп таштаганына карабай, биздин ошол кездеги жалпы жеңишибиздин бир жылдыгы менен сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм! Биздин талапкерди Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына жеткирүүдө абийирдүүлүк менен жан аябай иштеп бергендерге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирмекчимин!»- деди Фарид Ниязов.

Андан ары Ф. Ниязов мындай деди:

“Бүгүнкү күндө коомчулуктун бир бөлүгү мамлекеттин ички саясатында болуп жаткан өзгөрүүлөргө иренжип турат, бирок тарых баарын таразалай турганына ишене бериңиздер. Мезгил өткөн сайын чындык кайда экенин, калп менен куру жалаа кайда экенин эл өзү аныктап алат. Ошондой эле ак ниет эмгек менен куру сөздүн, чыныгы жолдоштор жана кошоматчылар менен уйгактардын, пайда жана зыяндын, коррупция менен күрөштүн жана саясий куугунтуктун кайда экенин да эл аныктап алат…

Мурдагы штаб башчысы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүсүн демократияны өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салып деп баалады.

“Президенттик бир жолку мөөнөт принциптерин так аткаруу да, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү да демократияны өнүктүрүүгө кошулган баа жеткис салым болду. А. Атамбаевдин өлкө президенттигине талапкерлер боюнча  бекем позициясы Кыргызстандын элинин биримдигине кам көрүүдөн келип чыккан жана регионализм менен күрөшүүгө багытталган.

Андан ары Ф. Ниязов саясий сисеманын өткөнү жана келечеги тууралуу буларды кошумчалады:

“Кыргызстандын эли жана биздин бүткүл саясий системабыз мааниси болуп көрбөгөндөй тажрыйба алууда. Баарыбыз, өлкөнү мурда башкарып, жогорку кызматтарды аркалагандар да, азыркы бийликте отургандар да жетишкен ийгиликтерибизди, кемчиликтерибизди, аны менен кошо кетирген өзүбүздүн катачылыктарыбызды да кылдат иликтеп чыгуубуз керек.

Бул тажрыйбадан туура жыйынтык чыгарсак, анда бул жаңы бийликке келечекте мурдагылардын кемчиликтерин четтеткенге, бирок алардын жакшы иштерин улантууга мүмкүнчүлүк берген системаны түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле мурдагы бийликке кыпчылып кирип алып кыянаттык кылган шүмшүктөрдү ачыкка чыгарууга, ошондой эле жаңы бийлик өкүлдөрүнүн каршылаштарды саясий куугунтуктоого алуу аракеттерине бөгөт коет. Чыныгы кылмышкерлер менен коррупционерлерди буйтап кете албас жазага тартууга, ошондой эле Кыргызстандын элине ак кызмат кылган адамдарды бекем коргоого алууга мүмкүнчүлүк берет, -деди Фарид Ниязов.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты