Табарсыгы жарылганча сабалган жоокердин окуясы боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду

  • 2 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Чүйдүн Беловодское айылындагы аскердик бөлүктөгү жоокердин сабалышына байланыштуу кылмыш иши токтотулду. Мындай чечимди 8-августта борбор калаанын Биринчи май райондук соту кабыл алган.

Сот муну тараптардын элдешип алганы менен түшүндүрдү.

“Кармалган адам өтө оор эмес кылмышка айыпталып жаткан. Андан сырткары сот отурумунда жабырлануучу тарап элдешип алышканына жана материалдык чыгымы өндүрүлүп берилгенине байланыштуу ишти териштирүүнү токтотуу тууралуу өтүнүч келтирген. Ошондой эле айыпталуучуга эч кандай дооматы жок экенин айткан”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков 1-июлда катуу сабалып, табарсыгы жарылып ооруканага түшкөн.

Башкы прокуруратура бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгогон жана келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан бир аскер кызматкери кармалган.

Сабалаган жоокердин жакындары Интернет аркылуу кайрылуу жолдоп, укук тартибин коргоо органдарынан, бийликтен жардам сурашкан жана келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн аскерлердин бири Эсенбековдон акча талап кылып, ур-токмокко алганын айтышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты