Орусияда бир кыргыз жараны жол кырсыгынан ажал тапты

Орусияда бир кыргыз жараны жол кырсыгынан ажал тапты

Кайгылуу окуя өткөн жекшембинин кечинде Новосибирск шаарында болгонун бүгүн орус маалымат каражаттары жазып чыкты. Андагы маалыматтарга караганда, эвакуатордун 34 жаштагы айдоочусу бир адамды коюп кеткен. Айдоочу катаал аба ырайынан улам жүргүнчүнү көрбөй калганын айтууда. Каза тапкан киши кыргызстандык 56 жаштагы жаран болуп чыкты. Анын аты-жөнү, Орусияда эмне кылып жүргөнү азырынча белгисиз.

Расмий маалыматтарга таянсак, учурда Орусияда 600 миңдей кыргызстандык мигрант бар. Бейрасмий маалыматтар боюнча, бул өлкөнү байырлаган кыргыз мигранттары азыр милиондон ашат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты