Ошто пара алып жаткан аскер комиссариатынын кызматкери кармалды

Ошто пара алып жаткан аскер комиссариатынын кызматкери кармалдыОш шаарынын аскер комиссариатынын (военкомат) Ж.А. аттуу кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын бүгүн ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын түштүк аймактар аралык башкармалыгына Ош облусунун Кара-Суу районунун бир жашоочусу 8-октябрда арыз менен кайрылган. Анда ал аскер комиссариатынын кызматкери уулуна аскер күбөлүгүн жасап берүү үчүн чоң суммадагы акча талап кылып жатканын айткан. Натыйжада аскер комиссариатынын кызматкери ушул жылдын май айынан бери 19 миң сом алганы, азыр дагы 5 миң сом сурап, жалпысынан 24000 сом пара талап кылганы такталган.

Бул боюнча Ош шаарынын Аскердик прокуратурасы ИИМдин КМКнын аймактар аралык башкармалыгы тарабынан чогултулган материалдарынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча (опузалап пара талап кылуу) кылмыш ишин козгогон.

Анын натыйжасында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, Ош шаарынын аскер комиссариатынын Ж.А. аттуу кызматкери өз иш бөлмөсүндө 5 000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Тергөө иштерин Ош шаарынын Аскердик прокуратурасы жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты