Билим, медицина, маданиятка аз каражат сарпталды


  • Билим, медицина, маданиятка аз каражат сарпталдыБолжолдуу маалыматтар боюнча, тогуз айда же т.а. 2018-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн чыгашалардын салыштырма салмагы 49,7 %ды түздү же болбосо аталган тармакка жалпысынан 50 млрд 510,5 млн сом жумшалды. Бул былтыркы жылдын бирдей мезгилиндегиден 856,2 млн сомго көбүрөөк. Бирок билим берүү, Саламаттык сактоо, маданиятка сарпталган каражат аз, ал эми мамлекеттик  кызматка сарпталган каражат көп болду.  

Бөлүнгөн акча каражаттарынын ичинен:

— социалдык коргоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 21,5 %. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1 млрд 516,8 млн сомго көп, же 21 млрд 831,6 млн сомду) түздү;

— билим берүүгө сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 16,7 %. Бул былтыркыга салыштырмалуу 279,3 млн сомго азаюу менен 16 млрд 934,9 млн сом;

— саламаттык сактоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 9,3 %. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 16,4 млн сомго азаюу менен 9 млрд 418 млн сом;

— эс алууга, маданиятка жана динге сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 2,3 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 350,7 млн сомго азаюу менен 2 млрд 326 млн сом ;

— жалпы багыттагы мамлекеттик кызматка бөлүнгөн чыгашалардын салыштырма салмагы (мамлекеттик карыздын негизги суммаларын кошкондо) 27,2 %. Бул былтыркыга салыштырмалуу 899,1 млн сомго көбөйүү менен 27 млрд 684,4 млн сомду түздү;

— экономикалык маселелерге сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы – 8,9 %, бул өткөн жылга салыштырмалуу 608,4 млн сомго азаюу менен 9 млрд 39,2 млн сомду түздү;

— айлана-чөйрөнү коргоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы – 0,5 %, бул былтыркыга салыштырмалуу 0,7 млн сомго көбөйүү менен 538 млн сомду түздү;

— турак жай-коммуналдык чарбага жумшалган чыгымдардын салыштырма салмагы 1,5,   бул өткөн жылга салыштырмалуу 18,3 млн сомго азаюу менен 1 млрд 480 млн сомду түздү.

Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты