Алгачкы жашыл экономика жумалыгы өтөт

 

Алгачкы жашыл экономика жумалыгы өтөтКыргызстанда биринчи жолу жашыл экономика жумалыгы ачылат. Бүгүн, 15-октябрдан, баштап, 21-октябрга чейин жашыл экономика жумалыгы өтөт.

КР Экономика министрлиги, Айыл чарба министрлиги менен  бир катар эл аралык уюмдар иш-чараны уюштурууга көмөктөш болушту. Алсак,  Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH, БУУнун Демилгелер агенттиги, жашыл экономика боюнча шериктеш аракеттер  (PAGE) жана “Биз эксперт” аналитика борбору менен биргеликте уюштурулуп жатат.

Жашыл экономика иш-чарасына катышуу акысыз.

Жашыл экономика  жаатында мүмкүн болушунча көбүрөөк катышуучуларды тартуу, анын жардамы менен өлкөнүн экономикасын көтөрүү аракеттери жүрөт. Бүгүн жерди кандайча иштетүү керектиги боюнча семинар болот.

Мындай иш-чара ар жылы өткөрүлүп турмакчы. Өкмөт көп жылдан бери аракет жасап, бирок ишке ашыра албай келе жаткан иш эми башталды.

Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты