NazarNews сайтындагы америкалыктар Зеленскийди сынга алганы тууралуу маалымат манипуляция (Фактчекинг)

8-августта NazarNews сайтына “Орусияга каршы бардык санкцияларды алып салгыла. Америкалыктар Зеленскийди сынга алды” деген баш тема менен жаңылык чыккан. Анда америкалык New York Post гезитинин окурмандары Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Голливуд актрисасы Жессика Честейндин 7-августта өткөн жолугушуусун сынга алышканы жөнүндө жазылган.

NazarNews New York Post’тун окурмандарынын «Зеленский курал-жарак жана адам сатуу, арам акчаны адалдоо менен алектенип жатканына карабастан, анын дүйнөнүн ар тарабынан келген белгилүү адамдар менен жолугушууга убактысы бар», «Украин лидери согуш жүрүп жаткан аймакта актрисаларды көңүл ачуу менен алек болуп жатканда, эмне үчүн биз америкалыктар Зеленскийге салыктарыбыздан миллиарддаган долларларды жөнөтүп жатабыз», «Мен башка тарапка өтүп жатам. Орусияга каршы бардык санкцияларды алып салгыла жана Украинаны сүйлөшүү үстөлүнө отурууга мажбурлагыла», «Зеленскийдин белгилүү адамдар менен жолугушуудан да маанилүүрөөк иштери барбы?» деген комментарийлерин мисал катары берген.

NazarNews сайтындагы америкалыктар Зеленскийди сынга алганы тууралуу маалымат манипуляция (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтын аныктыгын текшерип көрдү. 

7-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский Телеграм-каналында америкалык актриса Жессика Честейн менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Зеленский “Жессика Честейн бүгүн Украинада. Биз үчүн белгилүү адамдардын мындай зыяраттары абдан баалуу. Мунун арты менен дүйнө биздин өлкөдө эмне болуп жатканы тууралуу көбүрөөк угуп, билип, чындыкты түшүнөт. Колдоо үчүн рахмат!”,- деп жазган.

Америкалык New York Post гезити муну өзүнүн сайтына жаңылык кылып чыгарган.

NazarNews сайтындагы америкалыктар Зеленскийди сынга алганы тууралуу маалымат манипуляция (Фактчекинг)

Жаңылыктын алдында окурмандар бул боюнча өз пикирин калтырышкан. Алардын арасында чындап эле бул жолугушууга нааразычылыгын билдиргендер басымдуулук кылат. Алар Зеленский менен катар актриса Честейнди дагы “өлүмдү өзүнүн карьерасы үчүн колдонуп жатат” деп айыпташкан.

Ошол эле маалда Украинаны жана Зеленскийди колдогон комментарийлер дагы жазылган:

NazarNews сайтындагы америкалыктар Зеленскийди сынга алганы тууралуу маалымат манипуляция (Фактчекинг)

“Зеленскийдин алдында башымды ийем. Ал Путин жана орустар жасап жаткан геноцидге дүйнөнүн көңүлүн бурдурта алды”.

NazarNews сайтындагы америкалыктар Зеленскийди сынга алганы тууралуу маалымат манипуляция (Фактчекинг)

“Украинаны баары сүйөт, ал эми Путин өлкөнү талкалап, басып алып жатканда дүйнө четте байкоо салып турат”.

NazarNews сайтындагы америкалыктар Зеленскийди сынга алганы тууралуу маалымат манипуляция (Фактчекинг)

“Бул согушта баарыңар Путин тарапта болгонуңар өкүнүчтүү. Орусия эгемендүү улутту талкалап жатат. Честейндин дүйнөгө эмне болуп жатканын эске салганы жакшы”.

Бул жерде NazarNews сайты маалыматты бурмалаган. Тактап айтканда, манипуляциянын дезинформация жана тандалма чындык ыкмаларын колдонгон.

Дезинформация – аудиторияны манипуляторго зарыл болгон аракеттерге үгүттөөчү толук эмес, бир тараптуу, бурмаланган маалымат. 

Тандалма чындык – үгүт ыкмасы, мында манипулятор аудиторияга чындыкты айтат, бирок анын өзүнө пайдалуу бөлүгүн гана айтып, калганын жашырат. 

Ошондой эле жаңылыктын баш темасында манипуляциянын масштаб менен ойноо ыкмасы дагы колдонулгон. Баш тема “Орусияга каршы бардык санкцияларды алып салгыла. Америкалыктар Зеленскийди сынга алды” деп аталат. New York Post гезитинин сөз болуп жаткан материалына 88 комментарий жазылган. Ал эми Америка Кошмо штаттарынын калкынын саны 332 млн 475 миң адам. Бул америкалыктардын баарынын пикирин билдирбейт.

Масштаб менен ойноо — окуянын маанилүүлүгүн азайтып же көбүртүп көрсөтүү үчүн анын реалдуу масштабын өзгөртүү. 

NazarNews сайтындагы америкалыктар Зеленскийди сынга алганы тууралуу маалымат манипуляция (Фактчекинг)

New York Post гезити тууралуу

New York Post — Нью-Йоркто басылып чыгуучу консервативдүү гезит. Күн сайын 500 миңден ашык тираж менен чыгат. Гезит сенсациялуу криминалдык окуяларга, астрология, белгилүү адамдар тууралуу ушактарга басым жасаган “сары басылмага” кирет.

Жыйынтык: Манипуляция. NazarNews сайтындагы америкалыктар Украинанын президенти Владимир Зеленскийди сынга алып, Орусияга каршы бардык санкцияларды алып салууну талап кылганы тууралуу маалымат бурмаланган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты