Депутат Казакбаев Бабановдун маселеси боюнча президентке кайрылды ( ВИДЕО)

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин айтымында, Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин чыңалып турган абалды басаңдатуу максатында Кыргызстанга келбей, Президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин бекемделишине жардам берген.

Депутат Бабановдун ишин калыс карап берүүнү Президент Жээнбековдон сурады.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович, жакында “буга чейин өкмөттү жана парламентти жетектеген инсандарга жолугуп, алар менен ачык сүйлөшүүгө даярмын. Менин негизги максатым — өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкусу келген, өлкөдөгү бардык прогрессивдүү күчтөрдү жана жигердүү адамдарды бириктирүү” деп айттыңыз. Ушул идеяны убагында Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин биринчилерден болуп колдоп берип, шайлоочуларын тынчтандырып, өзүңүздү куттуктап, өлкөдөн чыгып кеткен. Бийликтин эркин иштешине, бекемделишине өз салымын кошуп, өлкөгө келбей турду. Туруктуулук үчүн депутаттык мандатын тапшырып, сөзүнө бекем туруп, саясатка аралашкан жок. Менин кайрылуумдун себеби — бул маселени калыс карап берсеңиз» дейт депутат.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты